АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна (1942‑ж. т., Фрунзе) – опера ырчысы (меццо‑сопрано), КРдин эл артисти (1993). М. Күрөңкөев атындагы Кыр­гыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн, кийин Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик консервато­риясында окуган. Кыргыз мамлекеттик опера жана ба­лет театрынын солисти. 35 жылдын ичинде Дж. Бизенин «Карменинен» Кармендин, «Дон Кар­лостон» Эболинин, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ольганын, «Карганын маткесинен» Полина менен Графинянын, «Черевичкиден» Со­лоханын, А. Бородиндин «Князь Игорунан» Кончакованын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкей­дин, М. Раухвергердин «Кө­күлүнөн» Бурманын, А. Пет­ровдун «Пётр 1нен» Екате­ринанын ж. б. партиялар­ды аткарган. КМШ өлкөлө­рүнүн борбор шаарларында, Тунисте, Полыпада, Венг­рияда гастролдо болгон.

АКРАМОВА53.png