АКМАТОВ Таштанбек
АКМАТОВ Таштанбек (15. 3. 1938‑ж. т., ЫсыкКөл обл., Тоң р‑ну, Көк‑Сай айылы) – мал чарба өндүрүшүнүн новатору, эки жолку Соц. Эмг.
Баатыры (1976, 1986), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1982). 1977‑ж. К. И. Скрябин атн. Кыргыз а. ч. ин‑тун бүткөн. 1955‑жылдан Ысык-Көл обл‑нун Тоң р‑нундагы 22‑партсъезд атн. колхоздо чабандын жардамчысы, баш чабан болуп иштеп, 1976-82‑ж. койдон төл жана жүн алууда эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1982 -жылдан ирилештирилген чабандык бригада түзүп, бригадада ар жүз тубар койдон 143төн козу, ар койдон 5,1 кгдан жүн кыркып алган (1983‑85). 1987‑91‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, 1989-91‑ж. СССР Жогорку Советинин, 1987‑90‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. А‑дун коло бюсту Тоң р‑нунун Ак‑Сай айылына тургузулган (1988, айкелчиси Т. Садыков).