АКМАТАЛИЕВ Амантур

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТАЛИЕВ Амантур Сейтаалы уулу [12. 12. 1934, Нарын обл., Тянь‑Шань р‑ну (азыркы На­рын р‑ну), Жерге-Тал өрөөнү, Бөрүлүү кыштоо­су – 30. 8. 2002, Нарын р‑ну, Лахол айылы] – көркөм өнөр таануучу, этнограф, КРдин мад­-тына эмг. сиң. ишмер (1992). Нарын пед. окуу жайын (1951), Нарын мугалимдер ин‑тун (1954), КМУнун филология ф‑тин (1966) бүтүргөн. 1954–72‑ж. Лейлек, Нарын р‑ндорунда мугалим, ди­ректор, «Советтик Кыргызстан» гезитинде ада­бий кызматкер, бөлүм башчы, Нарын р‑нунун «Коммунисттик эмгек» гезитинин редактору, 1972–95‑ж. Кыргыз өнөр жай министрлигинин Борб. конструктордук‑тех. бюросунун көркөм эксперимент лабораториясында инженер (аны уюштуруучулардын бири), «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, Кыргыз эл чеберлер союзунда көркөм өнөр таануучу, «Манас‑1000» мамл. дирекциясында этнография б‑ча башкы адис, Кыргыз ил.-из. педагогика ин‑тунун кызматкери болуп иштеген. Көп жылдары КРдин улуттук теле көрсөтүүнүн «Эл чыгармачылыгы», гезит‑журналдардын «Эл ичи – өнөр кенчи», радионун «Маданий турмуш» рубрикаларын алып барган. КРдин сүрөтчүлөр союзунун, журналисттер союзунун, Кыргыз эл чеберлер союзунун мүчөсү. КРдин өнөр жайынын, телерадиокорпорациясынын, кесиптик‑тех. билим берүүнүн отличниги. Кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөө, иликтөө, топтоо, аны элге тааныштыруу б‑ча чоң эмгек сиңирген. «Кыр­гыздын кол өнөрчүлөрү» (1975), «Элдик оймочулук» (1980), «Боз үй» (1982), «Жасалга өнөр чеберлери» (1983), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1983), «Кыргыздын улуттук кийимдери» (1988), «Кыргыздын колдонмо‑жасалга өнөрү» (1989), «Усталар жана уздар» (1991), «Баба салты – эне адеби» (1993), «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» (1996), «Кыргыздын уз‑усталары» (антология, 1997) ж. б. китептердин автору. Элдик чеберлердин узануу‑уздануу ыкмаларын, кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдөөдө албан иштерди аткарган. Медалдар менен сыйланган.

Ы. Кадыров.