АККОМПАНЕМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
(фр. accompagnement – коштоо) – муз. коштоо. А‑тин эки түрү бар: солистти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ансамбль, хор) муз. жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ансамбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. А. ырчыга, аспапчыга гармоникалык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарманын мазмунун, көркөмдүгүн терендетет.