АКИХИТО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИХИТО (23. 12. 1933‑ж. т., Токио) – Япония­нын 125‑императору (1989–2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952‑ж. мураскор принц деп жарыяланган. 1956‑ж. Гакусюин ун‑тинин саясий илимдер жана экономика ф‑тин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяк­туу эле деңиз биологиясын изилдеген. А. ихтио­логия маселелери б‑ча илимий макалалардын, Япониянын балыктары ж‑дөгү эмгектин авто­ру. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лон­дондук Зоологиялык коомдун (1992) жана Арген­тинанын Табигый илимдер изилдөө ин‑тунун (1997) ардактуу мүчөсү.