АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (4), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА - жазуучулардын бардык чыгармаларынын жана алардын ар кан­дай варианттарынын комментарийлер менен жаб­дылган толук басылышы. Мындай басылыш бел­гилүү окумуштуулар тарабынан же алардын ка­тышуусу менен ишке ашырылат. Текст сунуш кы­лууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан жана башка редакция­ларынан пайдаланылат. Академиялык басылмада текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий-маалыматтык аппарат менен коштолот. Мындай басылыштан бардык илимий аталыштагы эмгектер чыгарылат (мис., С. Кара­лаев менен С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).