АКАДЕМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЗМ (фр. akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы А. маньеризмге каршы туруу менен антикалык жана Кайра жаралуу искусствосунун үлгүлөрүн бе­кемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль менен Микеланжелонун чыгармачылыгы болгон. Кийин А. салтты сактоого жана бул негизде профессионал мектепти түзүүгө бай­ланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. А. булактары – 1585‑ж. чен­де ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья ака­демиясынын ишмердигинде. Живопись жана скульптуранын Королдук академиясынын ачы­лышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байла­нышкан. 17‑18‑кылымда тарыхый жана мифтик не­гизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. А. искусствосунун өнүгүүсүн кечеңде­түүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. 19‑кылым­дын 1-жарымында ага романтизм, кийин реа­лизм каршы болгон; 2) балет тарыхында «А.» жана «академиялык бий» терминдери 19‑кылымдын жарымында Францияда, Италияда жана Рос­сияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье жана А. Сен‑Леондун балеттеринде А. ири бий формаларынын (гран­па, пад’аксьон, па‑де‑де) жана алардын элемент­теринин (вариациялар, адажио, кода) турукта­шуусу жана алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу менен мүнөздөлөт. Академизм жетиш­кендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спек­таклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк жана орус мектебинин үлгүсүндө кыр­гыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.