АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ Борб. жана Ички Теӊир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын д-нын баш жагы менен чектешип, түш.-батыштан түн.-чыгышка карай созулат. Уз. 60 км, эӊ жазы жери 28 км. Орт. бийикт. 4720 м, эӊ бийик жери 5100 м (Жаман-Суунун оӊ куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон жана карбон мезгилдеринин чөкмө жана эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуӊдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын жана калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түн. (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Төр), ортонку (Кызыл-Эшме), түш. (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларынын (4500‒5000 м) жана өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000‒4500 м) мөӊгүлөр ээлейт. 3500‒4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, о. эле тоо мөӊгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түн. жана түш. этектери аркылуу тектон. жаракалар өтөт. А.-Ш. т. т-нда аянты 432 км2ге жеткен 130дай мөӊгү (Петров, Давыдов, Кум-Төр ж. б.) бар. Эӊ ириси ‒ Петров, мындан Нарын д. башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн уз. 10‒20 кмге жетет. Түн.-батыш этегинде Кум-Төр алтын кени бар.