АК-ТАШ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ‒ алгачкы темир доору жана о. кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Нарын обл-нун Кочкор р-нунан табылган. Соӊ-Көлдүн чыгыш тарабында, Калмак-Ашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А. К. Кибиров (1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген. Көрүстөн казанактуу жана жөнөкөй мүрзөлөрдөн турат. Андан чопо идиштери, темир жана сөөк буюмдарынын сыныктары, канжар, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Казуу учурунда о. эле гунн дооруна таандык баш сөөгү деформацияланган адамдын көрүстөнү, байыркы түрк дооруна таандык аты менен көмүлгөн баланын көрүстөнү жана балбал таштары бар 4 чарчы коргончо изилденген.
К. Табалдиев.