АК-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ЧОПО КЕНИ- Чүй өрөөнүндө, Сокулук р-нунда, Ак-Суу темир жол бекетинен 1 км түш.-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959‒60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоӊ чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөӊ, кызгылт күрөӊ түстө, майда күл ботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыӊдыгы 1,6‒8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыӊдыгы 0,1‒0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук жана шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005‒0,05 мм ‒ 76,92%, 0,05‒0,5 мм ‒ 21,54%, 0,5‒2,0 мм ‒ 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич з-дунда «100», «150» маркадагы кирпич жана черепица жасалат.