АК-СУУ (КАРАКОЛ) КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ (КАРАКОЛ) КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 4 км чыгышта, Каракол суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 1845‒1955 м бийиктикте. 1965-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропогендин чөкмө тектери түзөт. Шагыл менен кумдан турган аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон. Кум-шагыл катмарынын калыӊдыгы 100 мге чейин. Гранит, диорит, кумдук, сланец жана акиташ тектеринин сыныктарынан турат. Начар жумуруланган кесек шагылдуу. Кум чопо менен камдашкан. Кесекчелердин 40 ммден ирилери 40% (ошондуктан шагылды майдалоого сунуш кылынат), 5 ммден майдалары 30%, жалпак формадагысы 8%, көлөмдүк массасы 1500 кг/м3. Кум ири бүртүкчөлүү, полимиктүү (кесектик модулу 2,4 ‒ 2,5), арасында 16%ке чейин чаӊ жана чопо бар. Көлөмдүк массасы 1400 кг/м3, орг. кошундулар жок, слюда 1%. Кендеги кум-шагылдан «400» маркасындагы бетон жасалат, жол курулушуна пайдаланылат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 11654 миӊ м3. 1997-ж. карата баланстагы запасы: В ‒ 824 миӊ м3, С1 ‒ 7608 миӊ м3, В+ С1 ‒ 8432 миӊ м3, С2 ‒ 6269 миӊ м3.