АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй обл-нун Жайыл р-нунда, Жар-Таш суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек ш-нан 100 км түш.-батышта жайгашкан. 1960-ж. геол. изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектон. жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7‒14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5‒5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору ‒ натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8‒1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот. 1970-жылдан суусундук катары ичүүгө сатыкка чыгарылган. Запасы А+В+С1 ‒ 0,247 миӊ м3/суткасына.