АК-МОЛО ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-МОЛО ОБЛУСУ Ц е л и н о г р а д о б л у с у (1961–92‑ж.) Казакстан Респ‑нын түндүгүндө.1939-ж.уюшулган. Аянты 146,2 миң км2. Кал­кы 736,6 миң (2015). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору – Астана (Кок­шетау) ш. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сары‑Аркасынын (бийикт. 899 мге чейин) түн.- ­батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) жана эт‑сүт багытын­дагы мал чарбасы түзөт. А. ч‑нын маанилүү тар­магы – кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык карма­лат. Энергетикасы Караганды жана Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жы­луулук электр станциясы) иштейт. Кара метал­лургия, тоо‑кен, хим., машина куруу, тамак‑аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор‑фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.