АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ
АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑к‑га таандык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз. 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 м. Шаарга түн. жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул ш‑нын орду менен байланыштырышат. В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.