АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ – Талас өрөө­нүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган ба­йыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери менен илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, гео­граф жана Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чер­тёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кырг‑ндын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жай­ында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табыл­ган. Аны жерг. мугалим Гастевдин жардамы менен ошол кездеги Аулие-Ата уездинин начальниги В.А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус жана чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туу­дурган. 1898‑ж. В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор археол. экспедициясы ба­йыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу жана кото­руу иштерине орус түркологдору В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Маловдун, түрк оку­муштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. Батпмановдун, россиялык С. Г. Кляштпор­ныйдын чоң салымдары бар. 1961‑62‑ж. П. Н. Ко­жемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагулов өндүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан,о. эле 1977‑ж. ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.

Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.

1898‑ж. ачылып, жо­голуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра та­бууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑ж. Жон‑Арык айылынан жаңы руника­лык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эс­теликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург ш‑ндагы Эрмитажда, Хельсинки ш‑нда, Манас­тын күмбөзүнүн жанында, Бишкек ш‑ндагы мамл. тарых музейинде, КУУда сакталып ту­рат. Айыртам‑Ой жана ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегил­ген 12 таш табылган.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; Каллаур В. А. Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; Каллаур В. А. Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.
Ш. Керимова.