АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

агро­метеорология– метеорол. кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш ж‑дөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуу­лугу менен темп‑расы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метео­рол. шарттар а. ч. өндүрүшүнө түздөн‑түз таа­сир этет. Ошондуктан А. ч. м. айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агро­метеорол. прогноздоо жолдорун белгилеп, өндү­рүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор ме­теорол. станцияларда жана постордо жүргүзүлөт.