АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ – а. ч. өсүмдү­гүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк ж‑a мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, о. эле суу жана мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуш­тарын аткарууда колдонулуучу тех. каражат­тар. Аларды куруу 19‑к‑дын башында Англия­да, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑к‑дан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑ж. орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑ж. И. Ползунов буу кый­мылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑ж. И. Кобы­ленский картөшкө жыйноочу машинаны жаса­ган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном . Власенко (1868), ал эми 1871‑ж. Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Бирин­чи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке кир­гизген (1888). Азыркы учурда а. ч‑да жөнөкөй курал‑шаймандан баштан тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалымат­тык технологиялар колдонулууда. Алар а. ч. өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өс­түрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой ж‑a талаачылык, токой өстүрүү багытында тү­зүлөт. А. ч. м. арналышы б‑ча топурак иш­тетүүчү, үрөн себүүчү ж‑a көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыян­кечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу ж‑a иштетүүчү, жүгөрү, жашыл­ча, азыктамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жый­ноочу, сугат ж‑a мелиорация тармагында, то­койчулукта, мал чарбасында колдонулуучу ма­шиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу А. ч. м. жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы менен жүгөрү жый­ноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаш­тыруучу машиналар ж‑a жабдуулар кирет. А. ч. м. – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер ж‑a жылуулук берүүчү кыймылдат­кычтар) ж‑a технол. комбайндар, жер иштетүүчү машиналар ж‑a механизмдер болуп эки багыт­та иштейт. Т. Орозалиев, Ы. Осмонов.