АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – о. кылымга (12‑к.) таандык арх‑ралык эстелик. Казакстан Респ-­нын Жамбыл обл‑нун Тараз (мурунку Жам­был) ш‑на жакын жердеги Айшабүбү айылын­да жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑ж. В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑ж. А. Н. Бернштам, 1953‑ж. Казакстан ИАнын археол. тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чар­чы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (ка­занбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыш­тан курулуп, маңдай жагы ар кандай айба­наттардын сүрөттөрү жана оймо‑чиймеленген жа­зуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү та­рыхый инсан – Карахандын аялы болгондук­тан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маа­лыматтар да бар. А. к. Казакстан Респ‑нын тарых жана мад‑т эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамл. корукка алынган.
Ш. Керимова.