АЙТЫШ
АЙТЫШ – акындардын, ырчылардын, чечендердин чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр, байыртан бери келе жаткан элдик оозеки көркөм өнөрдүн бир түрү. Ал адат‑салт айтышы ж‑a акындар айтышы болуп бөлүнөт. Адат‑салт айтышына: бадик, кайым, сармерден, кыз‑жигит айтышы ж. б.; акындар айтышына: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу, чечен айтыш ж. б. кирет. Пайда болушу ж‑a өнүгүшү жагынан А. жанры байыркы үрп-адат, ырым‑жырымдарга байланышып, эл турмушун кенен чагылткан. Айтыштын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга кызмат кылуусун шарттаган. Мис., бадикте адамдар кезек менен туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак‑салмак ырдашкан. Жаштардын ой‑санаалары, кубаныч‑эңсөөлөрү кайым айтышууда, сармерденде кенен чагылдырылган. Уруучулук доордо акындар айтышы кеңири өнүккөн. Бийлөөчүлөр аларды той‑тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Адегенде эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчиликтерин ачып,
кордоп айтышкан. Айтыш өнөрүнө Токтогул идеялык‑эстетикалык жаңы принциптерди кийирген. Ал чулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турган, учурашуу, элдин көңүлүн ачуу максатын көздөгөн, эзүүчү менен эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылткан. Табышмак айтышта акындар бири биринин турмуштук, философиялык, диний маалыматтарын сынашса, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Алымкул, Осмонкул сыяктуу акындар айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Айтыштын мазмуну көп учурда адамдардын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгеги, тынчтыкты, ынтымакты даңазалоого арналат. Акындар айтышта төкмөлүктүн эң бийик чегине жетет. Кыргыз адабиятынын тарыхында айтыш жанрын өнүктүрүүдө Токтогул менен Эшмамбет, Жеңижок менен Коргол, Барпы менен Калык сыяктуу акындардын ролу чоң. Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, А. Айтпалиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. А. салтын улантуу менен алардын ажайып үлгүлөрүн унуттурбай элге алып чыгып келишти. А. – кыргыз оозеки поэзиясындагы акындардын жекеме‑жеке беттешүүсү, «күч сынашуусу», поэтикалык эрөөлү. Анда акындын чукугандай сөз тапкычтыгы, ойду улам тереңдетип өрчүтө билиши, көркөм ой‑жүгүртүүсүнүн масштабы, тереңдиги, ошондой эле ырдын ыргагына, уйкашына жараша көркөм сөз каражаттарын өз ордуна коё билиши аныкталат. Адатта А. «саламдашуудан» башталат. Буга «Токтогул менен Барпынын», «Барпы менен Жеңижоктун учурашуусу» мисал. Жеңижок менен Эсенамандын поэтикалык кездешүүсүндө жер‑суу, тоо‑таш, жаратылыш көркү, аалам, ай‑күн, жашоо‑тиричилигинен баштап, дүйнөнүн жаралыш сырына чейин камтылат. Азыр айтыш элдик турмушту кеңири чагылткан публицистикалык салтанаттуу трибунага айланды. Форма жагынан айтыш салмактуу келип, майрамдарда, театр сахналарында акындык күч сынашуу менен аткарылат, ал радиоуктуруу, телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу тарайт. Бири бирин ыктуу чымчышуу, жылдырма какшык, азилдүү тамаша, юмор, шакаба, сын, баа берүү, эбине келтире айтылган калп ж. б. айтыштын беделин көтөрөт. Бүгүнкү күндө бул өнөр жанданып, республиканын эл артисттери айтылуу акындар: А. Айталиев ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшү; төкмө акындардын республикалык айтышы (2001, 2002); Ш. Шеркулов ж‑a М. Баетовдун 100 жылдыгына карата Таласта өткөн төкмө акындардын эл аралык айтышы; А. Айталиевдин мааракесине (75) арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; Казыбектин 100 жылдык мааракесине арналып, Ат‑Башы жергесинде өткөн акындардын республикалык айтышы; Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөн (2003) төкмө акындардын эл аралык айтышы; «Жеңижоктун кут жылдызы» аттуу алтын төш белгиге арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; улуу акын Токтогулдун 140 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышы кыргыз адабият тарыхында баа жеткис мурас болуп саналат. Ошондой эле кийинки муун өкүлдөрү Э. Иманалиев, А. Кутманалиев, Ж. Токтобеков, М. Керим кызы, А. Нуралиев, Азамат Таалай, А. Туткучев, Ж. Алыбаев, Ш. Адылов ж. б. жаш акындар эл сыймыгына айланды.
Ад.; Таштемиров Ж. Айтыштар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» китебинде. Ф., 1973; Айтыштар. Ф., 1973.
А. Обосканов.