АЙТЫКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТЫКЕ (болжол менен 1816, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу – 1887) – акын, кыргыз­дын улуу муундагы классик акындарынын бири. Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман менен бирге чыккан. Айтыкенин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган. КР УИАнын Манас таануу жана көркөм мада­нияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фон­дунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.