АЙТМАТОВ Төрөкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Ше­кер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий жана мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук рев­комдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыр­гыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмү­нүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борб. совети­нин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван-­Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары бо­луп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси менен 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927–28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.

АЙТМАТОВ 18.png

1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет – аза менен коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).