АЙТМАТОВ ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (4), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ ТААНУУ – кыргыз адабият таа­нуу илиминин бир тармагы. Жазуучу Ч. Айтма­товдун чыгармачылыгын иликтеп, талдайт. Борбордук Азия аймагында: Казакстанда абайтаануу, ауэзов­таануу, Өзбекстанда навоитаануу, Кыргызстанда айт­матовтаануу, алыкултаануу илимдери пайда болду. Aйтматовтаанууда жазуучунун өмүрү менен чыгармачылыгы, философиялык, коомдук‑эстетикалык көз карашын ча­гылдырган эмгектери камтылган. Ч. Айтматов адабият майданына келгенден тартып эле окурман­дардын көңүлүн өзүнө бурду. Ага арналган ма­калалар Кыргызстанда ж. б. республикаларда да жарыя­лана баштады. Бул процесс өзгөчө «Жамийла» повестинин жарык көрүшү менен күч алды. Казак адабиятынын классиги М. Ауэзов ж‑a француз жа­зуучусу Л. Арагон повестке жогору баа бериш­кен. 1959‑ж. ЛI. Арагон повестти орус тилинен француз тилине которгон жана ал чыгарма Парижден жарык көргөн. Ушундан баштап Ч. Айтматовдун чы­гармалары ар түрдүү тилдерде жарык көрүүдө, чет өлкөлөрдө Айтматовдун чыгармачылыгына бай­ланыштуу илимий изилдөөлөр, рецензиялар, моно­графиялар, окурмандык ойлор да үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 1963‑ж. жазуучуга «Тоо, талаалар повести» үчүн Лениндик сыйлыгы ыйга­рылгандан кийин да көп сандаган макала ге­зит‑журналдардын беттерине басылып чыкты. Мындай факты‑материалдар өз кезегинде жал­пылаштырылган илимий анализди, жыйынтыктоо зарылдыгын жаратты, натыйжада бир канча кандидаттык диссертациялар, адабият таануу­да ж‑a адабий сында бир топ кызыктуу илимий эм­гектер жазылган. А. Анастасьева, JЛ. Арутюнов, Вл. Воронов, Г. Гачев, Н. Гейн, Ч. Гусейнов, У. Далгат, А. Исенов, 3. Кедрина, В. Коркин, В. Левченко, Г. Ломидзе, В. Новиков, А. Овчаренко, В. Осиоцкий, Б. Паикин, В. Селиверстов, В. Смирнова, Ю. Суровцева, Л. Якименко ж. б. макалаларында, монографияларында жазуучу­нун чыгармачылыгына байланыштуу бир топ пробле­малар концептуалдуу чечилишке ээ болду. Алар­дын ичинен филология илимдеринин доктору Г. Га­чевдин «Айтматов и мировая литература» (1982) аттуу көлөмдүү монографиясында жазуучунун чыгармачылыгындагы улуттук дүйнө тааным жана ми­фология проблемасы дүйнөлүк маданияттын кон­текстинде каралып, андагы ар тараптуу ориги­налдуу, айрым жерлеринде талаш‑тартыштуу ойлору бар олуттуу концепциялары жаңыча изилдөөлөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөн. Аталган монографияга чейин окумуштуунун мезгилдүү басма сөздө бир нече макалалары («Любовь, человек, эпоха. Рассуждение о пове­сти «Джамилия» деген ат менен) «Советский пи­сатель» басмасынан (1965) өзүнчө китепче тү­рүндө жарык көргөн. Ч. Айтматов б‑ча союздук жана республикалык басма сөздөрдө жарык көргөн мака­лаларды (башка тилде болсо орусчага которуу) жыйноо үчүн ташпырма берилип, КР УИАнын Тил жана адабият институту тарабынан 1975‑ж. «Чин­гиз Айтматов: статьи и рецензии о его творче­стве» аттуу 50 000 нуска менен 17 басма табак көлөмүндө китеп басылып чыккан. Ага 55 ма­кала кирген. Кыргызстандагы Айтматов илиминин өнү­гүшүн 1950‑жылдардан кийинки кыргыз адаби­ят теориясы, адабият тарыхы жана адабий сынынын өнүгүү процессинен бөлүп кароого бол­бойт. К. Абдылдабековдун «Жазуучу жана ада­бий сын» монографиясы (1979), 1960‑жылдар­дын ичинде жана андан кийинки жылдары жа­рык көргөн «Чыңгыз Айтматов» (Б. Ашым­баев. Ф., 1965), «Откровения любви» (В. Сели­верстов. Ф., 1966), 80‑жылдары «Публицисттин үнү» (3. Закирова. Ф., 1980), «Айтматовдун каар­мандарынын көркөм дүйнөсү» (Л. Үкүбаева. Ф., 1984), «Чингиз Айтматов» (В. Левченко. М., 1986), «Восприятия творчества Чингиза Айтма­това в англоязычных литературах» (Ж. Рыску­лова. Ф., 1987), «Адам, адабият жана аалам» (К. Ибраимов. 1986), «Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Айтматовго таасирленүү» (А. Акмата­лиев. Ф., 1988), «Чыңгыз Айтматов: жизнь и творчество» (Б., 1991), «Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Акматалиев. Анкара, 1999), «Чингиз Айтматов в Германии» (исследования, статьи и рецензии о его творчестве, составитель Е. И. Шагалова. Ф., 1991), «Кыргызстанда Айт­матов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү» (А. Садыков. Ф., 1992), «Ч. Айтматов­дун повесттериндеги салыштыруу жана метафо­ра» (Ж. Бакашова. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Садыков. Ж. Бакашова. Б., 1997), «Айтматовдун автокотормолору», «Тоо арасында» романынын орусча котормо­су» (А. Садыков. Б., 1998) ж. б. маалыматтар Кыргызстанда Айтматов илими күрдөөлдүү өнүгүп жат­кандыгынын күбөсү боло алат. Айтматовдун чыгармачылыгы ошондой эле улуттук искусствобуздун бардык тармагына өз таасирин тийгизди («Чыңгыз Айт­матов жана искусство», 1978), «Шекер и кос­мос» (К. Асаналиев. 2000), «Реализм дүйнөсүндө» (А. Садыков, А. Жантаев. Б., 2001), «Ч. Айт­матовдун пейзаж тартуу чеберчилиги» (Н. Сы­дыков. Б., 2002), «Ч. Айтматовдун чыгарма­ларындагы символдор» (А. Садыков, Н. Ты­ныстанова. Б., 2002), «Айтматов – котормочу» (А. Садыков. Б., 2003), «Империя Айтматова: Художник и мыслитель Чингиз Айтматов ин­теллектуальный покоритель XX столетия» (Р. Рахманалиев. М., 2005). Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арнап, ошондой эле белгилүү окумуштуулар Ч. Жолдошева, С. Жигитов, А. Эркебаев, И. Лай­лиева ж. б. арбын эмгек жазышты. Бүгүнкү күн­гө чейин кандидаттык, докторлук диссертация­лар жакталды, жыйнактар, монографиялар жа­рык көрүүдө, эл аралык илимий-практикалык кон­ференциялар (1985,1988,1993,1999) өткөрүлгөн. А. Садыков, А. Кадырмамбетова.