АЙНЕК ИШТЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
– имараттардын терезе, каалгаларын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнек тер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын алкактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңд. 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негиз ги материал катары олифте даярдалган бор жылчык шыбагы (замаскасы), минералдык майларда жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пай даланылат.