АЙНЕК БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (4), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– эритилген айнектен түрдүү жолдор менен даярдалган жасалма материал. Диа­метри 3,5‑100 мкм, уз. 20 км болгон үзгүлтүксүз жана диаметри 0,5 – 20 мкм, уз. 1‑50 см штапел­дик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдам­дуулугу (мис., кварц, кремнезем, коалин була­лары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогор ку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү жана бышыктыгы, хим. туруктуулугу менен мүнөздө­лөт. А. б. текстиль буласы жана жылуулук өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуу­нун технол. үч түрү – эритилген айнек масса­сын чоюп‑созуу, айнек массасын борбордон чет­төөчү күчтүн жардамы менен агымдарга ажыра туу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була хим. курамына жараша 500‑700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада А. б. чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), о. эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пай­даланылат. Андан жасалган материалдарды по лиэфир, кремний, орг. чайыр менен чапташтыр­ганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алы нат. Айнек текстолити жана айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 10­30 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөр­дү ороо үчүн, акустикалык материал жана катмар­луу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмө­лөрдүн тосмо констр‑лары катары колдонулат.