АЙМУХАМЕДОВА Гулсым

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙМУХАМЕДОВА Гульсым (Мария) Буранов­на (1919‑ж. т., Челябинск обл., Троицк ш.) – химик, техника илимд. доктору (1965), проф. (1967). Кыргыз ССРнин эмг. сиң. ойлоп табуу­чусу (1975), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1985). Москвадагы М. В. Ломоносов атн. ун‑тте окуган (1941), Кыргыз мамл. пед. ин-­тту бүтүргөн (1945). 1943‑жылдан СССР ИАнын Кыргыз филиалынын, 1954‑жылдан Кыргыз ССР ИАнын химия ин‑тунда, 1960‑жылдан орг. химия ин‑тунда лабор. башчы, 1971‑жылдан директорунун орун басары, бөлүм башчы, консультант болуп иштеген. 1991‑жылдан КР УИАнын ардактуу академиги, Химия жана хим. технология ин‑тунун башкы ил. кызматкери. Ил. эмг. табигый бирикмелерди өндүрүүнүн хи­миясы жана хим. технологиясына, өсүмдүк сырьё­лорун кайра иштетүүгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Пектиновые вещества и их определения (в соавторстве). Ф., 1964; Свойства и применение пектиновых сорбентов (в соавт.). Ф., 1984; Зависимость свойств пектиновых веществ от их метоксиль­ной составляющей (в соавторстве). Ф., 1990.