АЙЛАНУУ КЫЙМЫЛЫ
АЙЛАНУУ КЫЙМЫЛЫ – нерсенин кыймылсыз окту же чекитти айланып кыймылдоосу. Жаратылышта жана техникада өтө көп кездешет. Мис., планеталардын өз огунда айлануусу, станоктун, механизмдин, агрегаттын бөлүктөрүнүн А. к. Катуу нерселердин А. к. эки түрдүү болот: кыймылсыз окту айланганда катуу нерсенин чекиттери, борбордун кыймылсыз бир түз сызыкта жаткан радиустары ар түрдүү чоңдуктагы айланалар б‑ча кыймылдайт. Ал эми кыймылсыз түз сызык болсо айлануу огу деп аталат. А. к‑нын негизги кинематикалык мүнөздөмөлөрү болуп бурчтук ылдамдык жана бурчтук ылдамдануу эсептелет. Катуу нерсенин кандайдыр бир чекитинин сызыктуу ылдамдыгы 3 айлануу огунан бул чекитке чейинки аралыкка түз пропорциялаш: S=Ra>, R –айлануу огунан нерсенин берилген чекитине чейинки аралык, со – бурчтук ылдамдык. Ар кандай убакытка туура келген А. к‑нда нерсенин чекиттеринин бурулуу бурчтарынын чоңдуктары бирдей; кыймылсыз чекитти айланганда катуу нерсенин чекиттери борбордо ошол кыймылсыз чекит болгон сфералык бет б‑ча кыймылдашат. Нерсенин ар кандай чекитинин ылдамдыгы S=Ra>, мында R – радиус‑вектор. А. к‑нын динамикасынын негизги формуласы: Mсырт=ᐃL/ᐃt,мында ᐃDL – нерсенин импульс моментинин ᐃt убакытта кыймылсыз чекитке карата өзгөрүшү, Мсырт – ошол чекитке карата нерсеге аракет эткен бардык күчтөрдүн моменттеринин суммасы.