АЙЛАНУУ БЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНУУ БЕТИ – тегиздиктеги ийри сызык­тын ошол эле тегиздикте жаткан октун тегере­гинде айлануусунан пайда болгон бет. А. б‑не мисал болуп сфера эсептелет, анткени аны тегиздикте жаткан жарым айлананын диаметри­нин айланасында айландыруудан пайда болгон бет катары кароого болот. А. б‑нин анын огу аркылуу өткөн тегиздиктер менен кесилишкен ийри сызыктар меридиандар деп аталат, ал эми А. б‑нин окко перпендикуляр тегиздик менен кесилишкен ийри сызыктар параллелдер деп аталат. Эгер айлануу огу б‑ча Охуг тик бурчтуу координата системасынын Ог огу багытталса, анда А. б‑нин параметрдик тендемесин төмөнкү­чө жазууга болот: х = f(и)cosv, у = f(и)sinv, г = и, мында f(u) – функция меридианды анык­тайт, ал эми V – бурч. Б. Э. Канетов.