АЙЛАНМА ПРОЦЕСС
АЙЛАНМА ПРОЦЕСС, т е р м о д и н а м и к а л ы к ц и к л – бир нече өзгөрүүлөрдөн кийин системанын термод. параметрлеринин баштапкы маанисине кайрылып келиши. Эгерде, системанын термод. абалы эки параметр (мис., Р басым жана көлөм V) менен аныкталса, анда координаталары р, V (термод. параметрлер) болгон тегиздикте А. п. туюк сызык (цикл) менен сүрөттөлөт. Система А. п‑ке катышып, жалаң тең салмактуу абалды басып өтсө, тең салмактуу А. п. деп аталат. А. п‑ке термоднын 1‑башталышы (закону) 5Q=AU+5A колдонулса, U1=U2 болгондуктан Ди=0 болот. А. п‑те системанын аткарган жумушу, анын ар бир бөлүгүндө сырттан алган жана сыртка берген жылуулуктун алг. суммасына барабар. Ошентип система сырттан алынган жылуулукту мех. жумушка айландырат. Ал түз А. п. деп аталат. Бардык жылуулук машиналары жылуулукту мех. жумушка айландырат. Ал эми тескери А. п‑те мех. жумуш жылуулукту муздак нерседен ысык нерсеге өткөрөт. Бул процесс муздаткыч агрегаттарда кеңири колдонулат.