АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ – КРдин Конституциясында каралган, жогорку юрид. күчкө ээ экол. укуктун негизги жоболору. КРдин Конституциясы б‑ча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, о. эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарын жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери жана укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экол. коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. КРдин Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамл. саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын, менчиктерин сактоону камсыздайт. А.-ч. к. к. н. КРдин айлана‑чөйрөнү коргоо ж‑дөгү, экол. экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атменены коргоо ж‑дөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укуктук актыларда белгиленген.
А. Чоров.