АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ – жалпы айдоо аянтында ар бир а. ч. өсүмдүгүнө туура келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал а. ч. өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистешти­рилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба б‑ча которуштуруп айдоо жерге жана топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пай­даланууга шарт түзүлөт. А. а. с‑нын башкы милдети – айдоо бирдигинен жана которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо струк­турасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын эко­номикасына жана техника менен камсыз болу­шуна жараша түзүлүп, ил. жактан негизделип, А. а. с. которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюштуруу жана рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пай­даланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.