АЙДАРБЕКОВ Иманаалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – саясий жана мамл. ишмер; Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн жигердүү кү­рөшкөндөрдөн. 1909‑ж. Пишпектеги а. ч. тех­никумун бүтүргөн. 1918–20‑ж. Пишпек уезддик­-шаардык совет аткому­нун, 1920–21‑ж. Каракол уезддик ревкомунун мүчө­сү, 1921–23‑ж. Пишпек уезддик советинин атко­мунун төрагасы, 1923–24‑ж. Жети‑Суу обл. жер бөлүмүнүн башчысы, обл­аткомдун төрагасы, 1924‑ж. Кыргыз автономия обл‑нун ревкомунун төрагасы болуп дайындалган. 1925–26‑ж. Таш­кентте «Орто Азиядан» кеңсесинде башкар­малыктын мүчөсү болгон. 1927–29‑ж. Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31‑ж. Кыргыз а. ч. банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР юстиция эл комиссары, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болуп иштеген.

АЙДАРБЕКОВ 149.png

А. Совет­тердин болуштук, уездик, обл. съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Ак‑Суу коз­голоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга ка­тышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү ка­тышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борб. аткому­нун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1937‑ж. жалган жалаа менен атылган. 1991‑ж. сөөгү Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет‑аза күтүү салты менен кайра коюлган.