АЙБАШЕВА Канымкүл

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901–1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) менен байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн

(К. Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов », 1936), Токтордун
байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.