АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (4), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүктү азот менен азыктандыруучу минералдык жана орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чым ­көң, компост) жана минерал жер семирткич (азот­туу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакат­тар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер семирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар жана аммоний туздары менен азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди жана мочевина­формальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина менен аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын ар­тыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндү­рүлөт жана оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б-­ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий менен камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комп­лекстүү жер семирткич даярдоого жана курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. жана топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.

                                                                                                     Н.Д.Дүйшембиев.