АЗОР АНТИЦИКЛОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океаны­нын түн. бөлүгүндөгү субтропик жана тропик ал­кактарында пайда болгон атм‑лык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; ай­рыкча жайында даана байкалат. А. а. Евразия­нын, айрыкча Түш. Европанын жана Түн. Афри­канын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).