АЗИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИНДЕР – циклде көмүртек атомдорунан тыш­кары эң кеминде бир атом азоту бар бирикме­лер. Гетероциклинде бир атом азоту бар А‑ге пиридин (I) жана хинолин (II); эки жана андан көп атом азоттууларга диазиндер (III) жана триазин­дер (IV) кирет. Ядродо азоттон тышкары башка гетероатомдору бар А‑ге оксазин (V) жана тиазин (VI) таандык:

АЗИНДЕР31.png

А. негиздик касиетке ээ, к‑талар менен туздарды пайда кылат. Алар түрдүү мед. каражаттарды, ууландыруучу газдарды, баалуу азин боёкторун алууда колдонулат. А‑дин көпчүлүгү тирүү орга­низмге эң керек ДНК менен РНКнын негизги ку­рамын түзөт.