АЖИБЕКОВ Асанбек Сармашаевич
АЖИБЕКОВ Асанбек Сармашаевич (1947‑ж.т., Нарын обл., Нарын р‑ну, Лакол кыш.) – зоотехник‑экономист, а.ч. илимд. доктору (1995), проф. (2001), КРдин а. ч‑га эмг. сиң. кызматкери (2004). Койду көбөйтүү жана селекция, кой чарбасынын продукциясынын технологиясы б‑ча адис. Ысык‑Көл а. ч. техникумун (1964), КМУну (1972), Кыргыз мал чарба ил.-из. ин‑тунун аспирантурасын бүтүргөн (1976). Тян‑Шань тажрыйба станциясында зоотехник‑селекциячы, директордун орун басары болуп иштеген. 1996‑жылдан Кыргыз мал чарба ИИИнин директору, 2002‑жылдан Агрардык ил. жана консультациялык кызмат борборунун генералдык директору. 10Одөн ашык ил. эмгектин автору.
Эмг.: Эффективность производства ягнятины. Ф.,«Кыргызстан», 1979; Генетика‑селекционные аспекты разведения тянь-шаньской полутонкорунной породы овец (в соавторстве). Б., 2000.