АЖАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАРЛАР (өздөрүн ачарели деп аташат) – Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 500 миң адам (2010). Грузин тилинде сүйлөшөт. А. грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10‑к‑дан белгилүү. Алар б. з. ч. 6‑4‑к‑да Колхида, кийинче­рээк Иберия падышачылыгынын, б. з. 4‑к‑да грузиндердин мамл. бирикмеси – Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4‑к‑да A‑да христиан дини та­раган. Алгач селжуктар (11‑к.), кийин түрктөр (16‑к.) басып алган мезгилде А. ислам динин кабыл алган.

Улуттук му­зыкалык аспа­бы – чибониде күү чалууда.

Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус‑түрк согушунан кийин (19‑к.) Грузиянын курамына кошулган. 1990‑ж. Ажар автономия респ. болуп түзүлдү. А. негизинен мал чарбачы­лык жана дыйканчылык менен кесип кылышат.




Ш. Керимова