АДРИЯ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРИЯ ДЕҢИЗИ – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жана Балкан ж. а‑нын аралы­гында. Италия, Словения, Хорватия, Босния жана Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысы­гы аркылуу Иония деңизи менен туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун темп‑расы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуу­лугу 35тен 38%оге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть жана газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Черногория), Дуррес, Влера (Албания).