АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ИЛДЕТТЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ИЛДЕТТЕРИ – илдет пайда кылуучу себептердин (илдет козгогучтар, айлана‑чөйрөнүн ыңгайсыз шарты ж. б.) таасиринен өсүмдүк функциясынын (фотосинтез, дем алуу ж. б.) ж‑а организм (клетка ж‑а ткань) түзүлүшүнүн бузулушу. Өсүмдүк илдети жугуштуу ж‑а жугушсуз деп 2 топко бөлүнөт. Жугуштуу илдетти фитопатогендик организмдер, козу карын, бактерия, вирус, нематода, гүл мителери пайда кылат. Илдет козгогуч илдеттүү өсүмдүктөн таза (илдетсиз) өсүмдүккө жаныбар, шамал, суу ж. б. аркылуу жугат (к. Өсүмдүктөрдүн вирустуу илдети. Өсүмдүктөрдүн бактерия илдети). Жугушсуз, физиол. илдеттерди сырткы чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары (минералдык азыктануу режиминин бузулушу, темп‑ранын кескин өзгөрүшү, нымдын ашыкча же тартыш болушу ж. б.) пайда кылат. Илдет өсүмдүктүн тигил же бул органынын айрым чектелүү гана жерин, ал эми кээ бири өсүмдүктү бүтүндөй жабыркатып, өнөкөт же циклдүү өтөт. Илдеттин пайда болушу, күчөшү, таралышы илдет козгогучту өсүмдүктүн кабыл алышына ж‑а шартка жараша болот. Өсүмдүктүн айрым жериндеги илдет (жерг. илдет), ошол өсүмдүктүн коргонуу реакциясынын туруктуулугуна байланыштуу. Диффузиялык (жалпы) илдет өсүмдүктүн коргонуу реакциясы жакшы туруштук бере албаган учурда өөрчүйт, мындай илдеттерге вирустуу мозаика, чирик ж. б. кирет. Өсүмдүктү илдеттен сактоодо алдын ала көрүлгөн иш‑чаралар, өсүмдүк карантини чечүүчү мааниге ээ болуп, илдеттин пайда болуу, өрчүү ж‑а таралуу коркунучунан сактайт же кыйла даражада токтотот, мис., үрөндү хим. жол м‑н ууландыруу, өсүмдүккө химикат чачуу ж. б. иштер жалбырак, мөмө‑жемиштерди илдеттен гана эмес, илдетти таза өсүмдүккө жуктурбоону алдын алат. Агротех., хим. ж. б. коргоо каражаттарын колдонуу түшүмдүн илдеттен коромжуга учурашын азайтат. Өсүмдүктүн илдетке туруктуу сортторун эгүү да жакшы натыйжа берет. Ад.: Черемисинов Н. А. Общая патология растений, 2 изд. М., 1973; Роберте Д. А. Основы защиты растений. М., 1981.