АДЕП ТАРБИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕП ТАРБИЯСЫ – адамдын коомдогу морал­дык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнү­мүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп­-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урмат­тоого тарбиялоо. Адамдын эрки менен рухий бай­лыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз менен кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сын­доого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эреже­лерине калыптануусу негизинен балалык, өспү­рүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.