АДАТ УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАТ УКУГУ – адаттагы адеп нормаларынын жана жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгил­деринде жаралып, коомдук ар кандай мамиле­лерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эреже­лерине бириктирилип, бийликтин күч бирдиги­не айланган жана элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. А. у‑нун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу жана аймактык тар чөйрөнүн че­гинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ бо­луусу жеке менчиктик ээлик укуктун жана мам­лекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юрид. күчкө ээ болгон жана алардын саясий‑социал. мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да А. у. маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүү­лүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербе­ген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доо­рунда кыргыздардын А. у‑на таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары ай­тылган эмес. А. у‑нун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑ж‑нда биротоло тыюу салынган.
К. Асаналиев.