АДАПТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) -1)эсептөө техни­касында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер ж. б.) менен байланыштыруучу түзүлүш. Мис., график­тик А. – информацияны (символдук, график­тик) дисплейдин экранына чыгарат, санарип­тик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (плата­да) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2)электр‑техникада­өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабылалгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчө­гүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдону­лат; 3)сүрөткө тартууда (фотография­да) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк бе­рүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаш­тыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).