АДАБИЙ ВИКТОРИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ ВИКТОРИНА – кандайдыр бир тематиканын айланасындагы суроолорго жооп берүүгө ылайык суроо-жооптордон турат. Викторина жооп берүүчүлөрдүн билиминин кенендиги, ар тараптуулугун, далилдеринин реалдуулугун талап кылат, ага катышуу менен көп кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды билүүгө болот, тапкычтыкты, ой жүгүртүүнү, эске тутууну калыптайт, байланыштуу речти өстүрүүгө көмөктөшөт. Викторина бир жазуучунун өмүрү, чыг-лыгына, же бир конкреттүү чыгармасына, же белгилүү бир мезгилдеги адабий процесске, болбосо бир тематикага арналып түзүлүшү мүмкүн. Аны өткөрүүнүн жолдору да ар кыл: кээде бир окуучу көпчүлүккө суроо берет, же болбосо эки тарапка (командаларга) бөлүнүп, бири-бирине суроо таштайт: жоопторду оозеки да, жазма түрүндө да алууга болот. О. эле айрым учурда викторинанын суроолору алдын ала окуучуларга таратылат, же класска, болбосо адабият кабинеттерине коюлуп; мында жооптор жазуу түрүндө жыйналат жана калыстар тобу тарабынан текшерилет. Викторинанын суроолоруна жооп берүүдө конкреттүүлүк, программадан тышкаркы материалдарды билүү, көркөм фантазия, ойдун тактыгы, мисалдардын ишенимдүүлүгү, речтин түшүнүктүүлүгү үчүн аракеттенүү керек.