АГЫМ КАТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(орусча Поточная линия) ‒ өз ара байланышкан жана бир технол. процесс б-ча берилген тартип менен иштөөчү жабдуулар тутуму. Ар бир жумушчу орунда бир же бир нече технол. окшош сомдомолорду (заготовка) иштетүү операцияларын гана аткарат. Жумушчу орундар берилген технол. процесстердин удаалаштыгына ылайык жайгаштырылат. Сомдомолор бир жумушчу орундан кийинки сине жылдыргычтардын (конвейердин) жардамы менен жеткирилет. А. к. технол. процесстин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, аны механикалаштырууга жана автоматташтырууга мүмкүндүк берип, массалык өндүрүштө кеӊири колдонулат.