АГРОНОМИЯЛЫК КЕНТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, а г р о н о- м и я л ы к с ы р ь ¸ л о р ‒ жер кыртышын жакшыртуу үчүн минералдык жер семирткич тер алынуучу тоотектер. А. сырь¸суна: фосфат (апатит кенташы жана фосфорит), калий (калий туздары), азоту бар айрым тоотектер, күкүрт (нефть жана табигый күйүүчү газдарды тазартуу да, коксохим. газдардын таштандыларында, түстүү металлургияда жана күкүрт кенташтарын да) ж.б. металл эмес пайдалуу кендер, тикеден-тике керектелүүчү (алдын ала майдалоодон кийин) ‒ мирабилит, бишофит, цеолиттер, торф, сапропел, гипс, карбонат тектери, чопо, кумдуктар ж. б. (жерг. А. к.) кирет. Микро жер семирткичтерди алууда кайрадан иштетил ген жез, цинк, кобальт, молибден, марганец жана бор кенташтарынын калдыктары колдонулат. Термин 1921-ж. Я. В. Самойлов тарабынан киргизилген. Фосфаттын дүйнөлүк чалгындал ган сырь¸сунун запасы (Р2О5) 100 млрд т (95%и фосфорит менен байланыштуу), калий тузу (К2О) 13,2млрд т, күкүрт сырь¸су 1,1 млрд т (таза түрүндөгүсү) жана 1,3 млрд т (нефть жана газ түрүндөгүсү). Ад.: Бок И. И. Агрономические руды: 2-е изд. А-А., 1965; Агрономия. М., 1981.