АГРОКЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОКЛИМАТАЛОГИЯ (агро..., жана гр. klima ‒ климат, logos ‒ илим), а й ы л ч а р б а к л и м а т о л о г и я с ы ‒ а. ч. өндүрүшүнүн бир фактору катары климатты изилдөөчү илим; климатологиянын бир бөлүгү. Жер кыртышы жана анын асылдуулугу, суу ресурстары, өсүмдүктөр климатка жараша болот. Ошондуктан а. ч-сын адистештирүүдө климаттык шарт эске алынат. А-нын милдеттерине: климатка а. ч. жагынан баа берүү жана а. ч. өсүмдүктөрүн, малдын түрлөрүн рационалдуу жайгаштыруу максатында жерлерди агроклимат б-ча район доштуруу; аба ырайынын катаал шарттарынан сактануу жолдорун иштеп чыгуу ж. б. кирет. к. Айыл чарба метеорологиясы.