АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО
Jump to navigation
Jump to search
АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО ‒ сүрөт искусствосунун түрү. Ага саясий плакат, саясий гезиттерде үгүттүк маанайдагы сүрөттөр, көркөм иск-вонун соода рекламалары жана элдик оюн-зоокторду ж. б. массалык иш-чараларды кооздоодо көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. А. и-нун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө дароо таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт. анын ичинде өлкөнүн саясий турмушун да болуп жаткан окуяларга тез жана ыкчам жооп кайтарууда ар кыл саясий күчтөр үчүн кубаттуу идеялык курал болуп саналат.