АГЕНТЧИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЕНТЧИЛИК (англ. agency) ‒ мамлекеттин, коммерциялык, о. эле жеке адамдардын тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм. Соода‒ өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү А-ги да болот. А. өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жеке адамдардын статусуна жана багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү менен кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. А. төлөм акысы анын иш тапшыруучу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге жана тарифтерге ылайык төлөнөт.