АГАРТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГАРТУУ ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу менен бекемделет. А. иши Кыргызстанда 1917-ж. Октябрь революциясынан мурда диний жана туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» жана «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. жана республикалык бардык тармактары калкка билим берүү жана илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият жана искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

И. Бекбоев.