АГАЛА-ТАШ АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГАЛА-ТАШ АКИТАШ КЕНИ Кант ш-нан 18‒20 км түн. тарапта, Чүй суусунун оӊ жээгинде, Кындык тоосунун түш. капталында, деӊиз деӊг. 700‒970 м бийиктикте. 1932-ж. геол. чалгындоо партиясы тарабынан ачылган. 1956‒82-ж. Кыргыз ССРнин геология башкармасы жана Курулуш материалдарын өндүрүүчү министрлиги чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында пайда болгон акиташ, кумдук жана сланец тоо-тек катмарлары көрүнүп жатат. Акиташ массивдүү жана одоно катмарлуу болуп бөлүнөт. Акиташ тегинин жалпы көлөмүнүн 70%ин массивдүү түрү түзүп, цементтик сырьёго жарамдуу. Анын калыӊдыгы 100 мге жетет. Массивдүү акиташ 30% мергель менен кошо «500» жана «600» маркасындагы портланд-цементти алуу үчүн колдонулат. Акиташтын «Түштүк кыр» б-ча запасы А+В категориясы б-ча 35781 миӊ т, А+В+С1‒117326 миӊ т, С2‒2934 миӊ т. Цементтин чопо кошумчасы ‒ чополуу сланец. Кен 1964-жылдан жер үстүнөн ачык казып алынып, анын базасында Кант шифер-цемент з-ду иштейт.